Тынчтык Шайназаров телеканалдарда тарбиялык маанайдагы берүүлөрдүн жоктугуна нааразы

Бүгүн, 26-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тынчтык Шайназаров үй-бүлөнүн ичиндеги зордук-зомбулук маселесин көтөрдү. "Акыркы мезгилде "бир туугандар бирин-бири өлтүрүп жатышат" деген сыяктуу терс кабарлар көп чыгып жатат. Буга байланыштуу координациялык жыйын өткөн жок. Мен көп жыл прокуратура системинде иштегем. Эгер салыштырсам, мурда мындай кырдаал болгон эмес. Үй-бүлөлүк зомбулуктун себептери көп болушу мүмкүн. Алдын алуу иштери жүрбөй жатат",- деди депутат.

"Азыр кайсы гана телеканалды көрбө, зомбулук, зордуктоо, арак ичүү көрсөтүлгөн тасмалар чыгат. Тарбия берүү багытындагы берүүлөрдү көрбөй калдым. Ата-эненин кадыр-баркы чагылдырылган тасмалар аркылуу терс окуялардын алдын алуу керек",- деп кошумчалады Шайназаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан