"Кумтөр" маселесин чечүүдө биздин балдар (юристтер - ред.) акысыз иштеп жатышат",- деп билдирди 26-февралда парламент жыйынында премьер-министр Жоомарт Оторбаев. Анын айтымында, парламент өкмөткө канчалык катуу басым кылса, өкмөт "Центерра" ишканасына ошончолук басым кылууда. "Маселени чечүүдө, балким, бизге билим жетишпей жатат. "Центерранын" юристтери биздикилерге салыштырмалуу кыйла эле көп акча алышат. Биздин балдар улуттук кызыкчылыкты коргоп бекер иштеп жатышат",- деди премьер-министр.
"Кумтөр" боюнча президент тарабынан саясий колдоо көрсөтүлүп жаткандыгын белгилеп: "Өлкө башчы бизге компромисттик чечимге келүүнү сунуштоодо. Биз үчүн бул саясий тапшырма",- деп билдирди Оторбаев.