"Кумтөрдү" улутташтыруу боюнча өкмөт керектүү чараларды көргөн, негизинен мындай кадамга барууга даярбыз",- деп билдирди премьер-министр
Жоомарт Оторбаев парламенттин 26-февралдагы жыйынында. Өкмөт жетекчиси улутташтыруу башка жол калбай калганда гана колдонула турган чара экенин айтат.
"Биз кандай болбосун компромисттик чечимге келишибиз керек. Ушунун үстүндө иштеп жатабыз да. Эгер таптакыр келише албай калсак, анда улутташтыруу боюнча ойлонобуз. Мындай кадамга өкмөт даяр",- деди Оторбаев.
Депутаттар мурункудай эле эки түрдүү позицияда: "улутташтыруу же үлүштү 50х50 пайыздан бөлүү шартында жаңы ишкана түзүү".