Жогорку Кеңештин депутаттары "Кумтөрдү" иштетүү укугун Канададан алып, Катардын инвесторлоруна берүүнү сунушташууда. Мындай демилгени депутат
Турсунбай Бакир уулу билдирип, башка варианттар кабыл алынбаса, бул сунушту да карап көрүүгө депутаттарды чакырды. Депутат 67х33 пайыздык келишимге кайтып келүүгө мүмкүн эмес экенин айтат.
"Кумтөрдү" Катарга берели, бул өлкөнүн бюджети Евросоюздуку менен барабар. Катардык инвесторлор сүйүнүп иштетишет, карызыбызды төлөшөт, Канада менен "разборка" кылышат",- деди.
Бакир уулу президент Алмазбек Атамбаев араб өлкөлөрү менен байланышты чыңдоого жаңы жол ачканын, "Кумтөр" маселесинде бул жолду пайдалануу керектигин кошумчалады.