Эльвира Сариева мектептер боюнча ачык маалымат базасын түзүү пландалып жатканын айтты

Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева 2-мартта мектептер боюнча ачык маалымат базасын түзүү планын жарыялады. Министрдин билдиришинче, мындай база окуучулардын ата-энелери үчүн пайдалуу маалыматтарды алууга шарт түзмөкчү. "Бул ресурс бардык мектептерде кырдаал кандай экенин жана мектептердин рейтингин даана көрсөтүп турат",- деп билдирди Сариева. 
Министр жогорку окуу жайларга кабыл алуу кампаниясы жылдагыдан эрте башталарын кошумчалады. "Башка өлкөнүн жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү биздин мектептердин бүтүрүүчүлөрүн өздөрүнө чакырып үгүттөөнү эмитен башташты. Ата мекендик ЖОЖдор жогорку класстын окуучуларына багыт берүүнү активдештириши керек",- деди министр. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан