Бүгүн, 2-мартта парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитети көчөгө таштанды ыргыткандарга айып пулду жогорулатуу боюнча мыйзам долбоорун экинчи окууда карады. Жыйында депутат Мамытбай Салымбеков "бул демилге ийгиликтүү ишке ашышы үчүн жарандын таштандыны көчөгө ыргыткандыгын тиешелүү органга айтып бергендерди же ачыкка чыгаргандарды сыйлоо керек" деген сунушун айтты.
Буга депутат Талантбек Узакбаев каршы. Анын айтымында, бул сунуш "стукачтардын" көбөйүшүнө шарт түзөт. "Сыйлык алууну көздөгөн адамдар көчөнү булгаган жарандарды издеп башташат. Мунун ордуна мектептерде балдарды маданияттуу болууга үйрөтүү туура",- деди депутат.
Жыйынтыгында комитет көчөгө таштанды ыргыткандарга айып пулду көбөйтүү демилгесин 2-окууда жактырды.