Парламенттин Эл аралык иштер боюнча комитети 2-марттагы жыйынында Бишкек-Торугарт унаа жолун оңдоого 15,1 миллион доллар көлөмүндө кошумча каржылоо боюнча кыргыз өлкөсү менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун жактырды.
Айта кетсек, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 479-539-чакырымдарын оңдоого аталган банк 55 миллион доллар бөлгөн. Иштердин негизги көлөмүн 2015-жылы бүтүрүү пландалган, бирок бийик тоолуу аймактагы катаал шартты эске алганда жана жолдун сапаттуу курулушу үчүн кошумча иштерди аткаруу сунушталган. Жолдун аталган бөлүгүн куруп бүтүрүүгө дагы 15,1 миллион сом бөлүнүүдө.
Комитет кыргыз өлкөсүнүн аймагында иштеген Катар инвесторлорун кош салык кыйынчылыгынан бошотууга тийиштүү келишимдин долбоорун да карап, жактырды. Келишим күчүнө кирсе, өлкө экономикасына инвестиция салган катардык ишкерлер кош салык кыйынчылыгынан кутулуп, улуттук мыйзамдарга ылайык гана салык төлөп калышат.