Жогорку Кеңештин Коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин депутаттары керектүү маалыматты билбегени Башкы прокуратуранын өкүлү боюнча башкы прокурордун атына кат жолдоону сунушташты. Комитеттин 2-марттагы жыйынында депутат Туратбек Мадылбеков Башкы прокуратуранын өкүлүнөн "Энергетикалык тармакта 2010-жылдан бери канча кылмыш иши козголду?" деп сурады эле, ал бул маселе караларын билбегенин, канча кылмыш иши козголгону боюнча маалыматы жок экенин айтты.
Мындан кийин комитет төрагасы Анарбек Калматов "Сиз билишиңиз керек болчу, билбесеңиз жыйынга эмнеге келдиңиз?" деп билдирип, комитет бөлүмүнө кызматкеринин жоопкерсиздиги үчүн башкы прокурордун атына кат жолдоо тапшырмасын берди.