Мамлекеттик саясий кызматта иштегендердин жылдык кирешеси жана мүлкү тууралуу декларацияларын кабыл алуу мөөнөтү бүгүн, 2-мартта бүтөт. Бул тууралуу Мамлекеттик кадр кызматынан кабарлашты. Муниципалдык кызматта иштегендер үчүн да декларация тапшыруу мөөнөтү бүгүн аяктайт. Кирешеси тууралуу документин тапшыра электер бүгүн саат 18:00гө чейин беришсе болорун эскертет аталган мекеме.
13-февралга карата 1578 мамлекеттик кызматкер 2014-жылкы кирешелери тууралуу декларация тапшырганы буга чейин айтылган.
Декларацияны өз убагында тапшырбаган жеке жактарга 2000 сом жана юридикалык жактарга 5000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат.