Ташполот Балтабаев Эсептөө палатасынын төрайымынын ишине нааразы

Жогорку Кеңештин депутаты Ташполот Балтабаев Эсептөө палатасынын төрайымынын ишине нааразы. Муну депутат парламенттин Коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин 2-марттагы жыйынында билдирди. Жаңы жетекчи келгени менен, Эсептөө палатасындагы бюрократия мурунку бойдон калганын айтат депутат. "Аудиттердин жыйынтыгы боюнча отчётторго баарын жаза беришет. Бул документте текшерүүдө аныкталган кемчиликтер жазылышы керек. Эгер кемчилик болбосо, анда кыскача гана жазып бергиле",- дейт депутат.  
Балтабаев Эсептөө палатасынын аудиторлору мамлекеттик органдарды текшерүүдө пара алмайынча кетишпей тургандыгы тууралуу маалыматтар айтылып жатканын кошумчалады. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан