Баалуу металл куймаларын даярдоо жана сатыкка чыгаруу демилгеси көтөрүлүүдө

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин 2-марттагы жыйынында баалуу металлдардын куймаларын жүгүртүүгө чыгарууга багытталган мыйзам долбоору каралып, 3 окууда жактыруу чечими кабыл алынды.

Демилгечи депутат Чыныбай Турсунбековдун айтымында, дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө алтын жана күмүш куймалары башкы валютанын атаандаштарынын бири катары каралат. Ошондуктан алтын жана күмүш сындуу баалуу металлдарды өндүрүп жаткан кыргыз өлкөсүндө аларды товарга айландыруу демилгеси көтөрүлүүдө. “Мисалы, Улуттук банкка 1 граммдан 100 граммга чейинки салмактагы алтын куймаларын жасоо жана аларды калкка сатуу сунушталып жатат. Алтынды азыркыдай дүңүнөн сатканга караганда товар түрүндө сатуу мамлекет үчүн пайдалуу”,- дейт Турсунбеков.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов алтын башка валюталарга салыштырмалуу туруктуу экенин белгилеп: "Улуттук банк менен “Кыргыз алтын” ишканасынын баалуу металл куймаларын даярдоого мүмкүнчүлүгү жетет”,- деп билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан