Бишкек шаарында соода күркөсүн тоноп кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 4-мартта милицияга арыз менен шаардын тургуну кайрылган. Анда ал Бах көчөсүндө жайгашкан дүкөндөрдүн бирине мас абалдагы белгисиз жаран кирип, сыналгыны талкалап, кассадагы 4,5 миң сомду алып кеткенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 26 жаштагы шаардын тургуну кармалды. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.