Нарын шаарында аялдамаларды жаңыртуу, оңдоо, орнотуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. 2015-жылга карата жергиликтүү бюджеттин эсебинен каралган 200 миң сом акча каражатына шаардын РТС, МДС, Ак-Коргон аймактарына, "Алма-Бак" сейил багынын тушуна жана Нарын шаардык салык инспекциясынын маңдайына аялдама орнотуу пландалган. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда үч жердин аялдамалары жаңыртылып, калган эки аялдаманы коюу боюнча иштер жүрүп жатат. Мындан сырткары аларга жанаша салынган соода күркөлөрү алынып, ал эми Союз убагында салынган аялдамалардын бетон плиталары менен таштанды төгүүчү контейнерлердин айланасы тосулууда.