Бишкек шаарынын мэриясы жаңы төрөлгөн төрт эмге 100 миң сом материалдык жардам көрсөттү. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, вице-мэр Айгүл Рыскулова төрт эм баланы төрөгөн Гүлайым Абдылдаеванын жана анын балдарынын абалын сурап, белек тапшырды.
“Жаңы төрөлгөн наристелер биздин каттообузда турат. Биз аларга жардам беребиз”,- деди Рыскулова.
Айта кетсек, 9-апрелде Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун төрөт үйүндө төрт эм төрөлгөн. Аларга Алмазбек, Асылбек, Кубанычбек жана Камчыбек деген ысымдар ыйгарылды.