Бишкектеги №24-мектеп-гимназиясында “Биз 21-кылымдын интеллектуалдарыбыз” деген аталышта сынак болуп өттү. Иш-чарага борборубуздун 30дан ашык ар кандай жалпы билим берүү жайларынын окуучулары катышты. Сынак шаардык мэриянын Билим берүү башкармалыгы тарабынан уюштурулду. Калыстар тобуна Бишкектин бир катар жогорку окуу жайларынын окутуучулары жана Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлери киришти. Сынактын катышуучулары физика, математика, химия, биология, экология, экономика тармактары боюнча теориялык долбоорлорун көрсөтүштү. Эксперттик комиссиянын баамына алардын 84ү жактырылды.
Жеңүүчүлөр дипломдор менен сыйланышып, эсте каларлык белектерге ээ болушту.