Бишкек шаардык мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы тарабынан Раззаков көчөсүндө жайгашкан кафелердин биринде санитардык эрежелер одоно бузулуп жатканы аныкталды. Жыйынтыгында аталган бардын кожоюнунун атына КРнын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 488-беренеси боюнча протокол түзүлүп, тиешелүү административдик комиссиянын кароосуна жиберилди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан маалымдашты.