Мектеп мугалимдеринин айлыктары 1-сентябрдан тарта 50 пайызга көбөйүшү мүмкүн

Мектеп мугалимдеринин айлыктары 1-сентябрдан тарта 50 пайызга көбөйүшү мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде маалымат жыйынынын жүрүшүндө КРнын Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева билдирди. Анын айтымында, учурда бул маселе боюнча долбоор иштелип чыкты, аны Каржы министрлиги жактырса, иш оңунан чыгат.

Өкмөт тарабынан билим берүү системине чоң жардам берилип жатат. Алардын бири - мугалимдердин айлыктарын жок дегенде 50 пайыз көтөрүү. Көпчүлүк министрликтер бул долбоорду колдоого алышты. Мугалимдердин статусун көтөрбөсөк, биздин эл агартуу системинин сапаты жана деңгээли эч качан жогорулабайт. Мындан тышкары мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу боюнча жогорку окуу жайларындагы педагогикалык факультеттерге окуу долбоорун киргизгени жатабыз”,- деди министр. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Pantherka
2015-04-16 11:57:33
Ваай сонун го баарибир бир жагынан кесип салса керек...
0
beka88
2015-04-16 13:03:17
азырынча сонун боло элекго,мумкун деп атат,мумкун деген жакшы соз барго бизде,мумкун мамлекетибиз ошондо онолот детго башчыбыз ошондой эле да,,,,
0
uefamif
2015-04-16 13:17:36
Жакшы жанылык. Эми ишке ашсында.
0
bazar
2015-04-16 14:58:40
Шайлоо жакындап калганда ушинтип кубантышат...
0
chalkan
2015-04-16 15:08:44
Окууда предметтерди азайтып, кошумча сабак өткөрүүнү көбөйтүп, мугалимдердин айлыгын көтөргөнү жатышат. Мектептерде эмитеден ата-энелердин кулагын ушалап анкета толтуртту, эмдиги жылы акчаларын шыпырышат, ансыз деле айына 400 сомдон ар бир балага төлөп жатабыз.
0
aidartegin
2015-04-16 15:14:51
ааааа ВУЗдардыкынчы...?????????????????
0
chalkan
2015-04-16 15:18:21
aidartegin, ВУЗдарды жаап медресе кылышат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан