Жеңиш парадына даярдалып жаткан аскер техникалары текшерилип, даяр болду

15-апрелде КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Асанбек Алымкожоев Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналып өткөрүлүүчү аскердик парадга даярдалып жаткан аскер техникаларын текшерүү үчүн 52806-аскер бөлүгүндө болду. Анда ал техникалардын абалын карады жана айдоочулардын, айдоочу-механиктердин даярдыгына, авто жана сооттолгон техникалардын кыймылындагы коопсуздук чараларына өзгөчө көңүл бурду.

Аталган штабдан кабарлашкандай, 9-майда Бишкек шаарындагы "Жеңиш" аянтында парадга катышуучу техникалар Токмок шаарына топтолгон. Ал жерде аскер техникалары менен куралдарын тейлөө боюнча пландуу негиздеги регламенттик иштер жүргүзүлмөк.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
KGstan81
2015-04-16 14:59:39
Оруссия Федерациясы берген аскердик техника кайда жэ ал Атамбаевтин куру созубу
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан