19-февралда Жалал-Абад облусунда УКМКнын кызматкерлери “Хизбут-Тахрир” уюмунун 5 мүчөсүн кармашты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, кармалган адамдарды текшерүү убагында алардан экстремисттик мүнөздөгү китептер жана маалымат сакталуучу электрондук жабдыктар табылган. Бул боюнча УКМКнын тергөө кызматы аларга кылмыш иши козголгону белгилүү болду.