Президент Садыр Жапаров жана Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмон бүгүн, 8-июлда, Душанбе шаарында эки өлкөнүн Улуттук өндүрүмдөр көргөзмөсүнө барышты. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.
Мамлекет башчылары эки өлкөнүн өнөр жайынын ар кандай тармактарындагы жетишкендиктерин көрсөткөн экспозициялар менен таанышты.
Кыргыз экспозициясы ата мекендик товарлардын жана технологиялардын кеңири спектрин камтып, өлкөнүн жеңил жана тамак-аш өнөр жайы, автомобиль куруу (анын ичинде жеңил унааларды, кичи жана чоң жүк ташуучу унааларды чыгаруу), айыл чарбасы жана кайра иштетүү өндүрүшү сыяктуу тармактардагы мүмкүнчүлүктөрүн көрсөттү.
Көргөзмө кыргыз бизнесинин мүмкүнчүлүктөрүн чагылдыруу, ошондой эле эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосунда жаңы өнөктөштүк байланыштарды түзүү жана тажрыйба алмашуу үчүн аянтча болуп калды.