"Өнүгүү-Прогресс" партиясы сел каптаган Аксынын айылына биринчилерден болуп жардам берди
13-майда катуу жааган жаандан улам Аксы районунун Кара-Суу айыл аймагындагы үч айылды сел каптап, бир топ чыгым алып келди. Бактыга жараша, эл аман. Бирок жаз алды менен айдалган айдоо аянттары, малкана, үйдүн короолоруна чейин топон суу аралап кеткен. Буга жаңы эле курулган дамбанын туруштук бербей ачылып кеткени себеп деп билдиришүүдө жергиликтүү тургундар. Кырсыкка кабылган элдин абалын сурап эч ким барган эмес. “Өнүгүү-Прогресс” партиясы биринчилерден болуп барып, жабыр тарткандарга жардам берип, элди сабырдуулук менен кырсыкты жеңүүгө чакырды.