Муздаткычка азык-түлүктөрдү жайгаштырууда бир катар кыйынчылыктар келип чыгат. Алсак, кээ бирин тоңдурбаш керек, ал эми кээ бири дайым нөлдүк температурада сакталууга тийиш.
Азык-түлүктөрдү жаңы бойдон сактоодо жана электр энергиясын үнөмдөөдө LG компаниясынын жаңы муздаткычы жардамга келет. LG компаниясы жаңы муздаткычын чыгаруу менен бардык азык-түлүктөрдүн өз ордун ойлоп тапкан. Соус, сүт азыктары, шире жана башка сүйүктүү суусундуктар үчүн Easy Open технологиясынын жардамы менен ачылган эшиктен орун берилген. “Жеңил ачылуу” баскычы муздаткычтын оңой ачылышына шарт түзөт. Ал эми негизги эшикке камтылган кичи эшик аркылуу дайым керектелүүчү азык-түлүктү табууга болот. Бул өз кезегинде электр энергиясын да үнөмдөйт. Lock&Lock кутусу жагымсыз жыттардын чыгышына тоскоол болсо, Hygiene Fresh антибактериялык чыпка тазалыкты камсыздайт. Multi-Air үзгүлтүксүз муздатуу системи суукту бардык жерге бирдей таратат. Ошондой эле ар нерселерди сактоочу текче да аябай ыңгайлуу.
Door-in-Door муздаткычтарынын энергия керектөөсү сызыктуу-инвертордук компрессорунан улам жакшы көрсөткүчкө ээ. Бул ишенимдүүлүктүү жана көп убакыт кызмат кылууну камсыздайт.
Азык-түлүктү жайгаштырууда LG Door-in-Door муздаткычы мыкты чечим!