Депутаттар мыйзамдардын түп нускасын биринчи кыргыз тилинде жазууну кайра сунушташууда

Жогорку Кеңештин регламенти жана депутаттык этика комитетинин 19-майдагы жыйынында расмий документтердин түп нускасынын мамлекеттик тилде даярдалышын камсыздоого багытталган мыйзамдын долбоору каралды. Мыйзам долбоорунда мамлекеттик ченемдик укук актыларын, дагы башка мамлекеттик расмий документтердин түп нускаларын адегенде мамлекеттик тилде даярдап, андан кийин расмий тилге которуу демилгеси көтөрүлүүдө. Мындай демилге мурда да көтөрүлүп, бирок парламентте колдоо таппай калган.

Депутат Курмантай Абдиев мыйзам долбоорлорунун түп нускасы биринчи орусча даярдалып, анан кыргыз тилине которулганда көптөгөн так эместиктер чыгып жатканын, андыктан документтердин мамлекеттик тилде даярдалышы талапка ылайык келерин белгиледи. “Биринчиден, мамлекеттик тилдин өнүгүшүндө кандайдыр бир зарылдыктардын түзүлүшү шарт. Ансыз тил өнүгө албайт. Экинчиден, мыйзамга ылайык, эгер мыйзамдын кыргыз жана орус тилдериндеги варианттарында ажырым чыгып калса, кыргыз тилиндеги мыйзам негиз катары алынат”,- дейт Абдиев.

Талкууда президенттин өкүлү бул мыйзам долбооруна каршы эмес экенин билдирип, "Бирок биз азыр расмий документтердин түп нускасын мамлекеттик тилде даярдоого даярбызбы?” деди. Демилгечилер 2015-жылдын бюджетинде мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө 243 миллион сом каралганын, ушу тапта Улуттук академия, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия, Терминологиялык комиссия сындуу мекемелер иш жүргүзүп жатканын, бир катар сөздүктөр менен колдонмолор иштелип чыкканын айтышты.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылып, Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыгуу чечими кабыл алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан