Депутаттар эки жума мурун Орусияда эки кыргыз кызы асып өлтүрүлгөнүн билдиришти

Жогорку Кеңештин 20-майдагы жыйынында депутат Каныбек Осмоналиев эки жума мурун Орусиянын Свердлов облусунда эки кыргыз кызы токойдо асып өлтүрүлгөнүн айтып, бирок алардын ата-энелери кыздардын жансыз денелерин таба албай жатышканын билдирди. 
"Маркумдардын сөөктөрүн Орусиянын тийиштүү органдары табышкан. Бирок кыздардын туугандарын таба албагандыктан көмүп салышыптыр. Эми маркумдардын ата-энелери кайрылып, жардам сурашууда. Бул окуянын аркасынан түшүш керек. Тилекке каршы, бүгүнкү күнү чет өлкөлөрдө курман болгон мекендештерибиздин саны өсүүдө",- деди депутат.
Андан соң ал аталган облустун Екатеринбург шаарындагы Кыргыз Республикасынын өкүлчүлүгүнө тергөө жүргүзүүгө тапшырма берүүнү суранды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан