25-майда туруксуз аба ырайы болуп, мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге чейин жетет. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындата турганын билдирди.
25-майда күтүлүп жаткан нөшөрлөгөн жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүп, дарыялардагы суулардын деңгээли көтөрүлөт.