Франциянын Кантал департаментинде аарылардын үйүрү адамдарга кол салып, 24 адам жабыркап, үчөө оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түштү.
"Аарылардын чабуулунан 24 адам жабыркады, алардын үчөөнүн абалы оор. Белгисиз себептерден улам жүздөгөн аарылар бир нече мүнөттүн ичинде өтүп бараткандарга кол салышты. Жабырлануучулардын биринин жүрөгү токтоп, бирок кайра өзүнө келтиришти. Белгиленгендей, уюктар борбордук көчөдөгү мейманкананын террасасында жайгашкан",- деп жазышууда чет элдик ЖМКлар.
Окуядан кийин мэр шаардын борборунда бал челек кармоого тыюу салгандыгы кошумчаланды.