"Евразиялык экономикалык биримдикке кирүү - кыргыз дыйкан-фермерлери үчүн жаңы доордун башталышы". Мындай пикирин кыргыз өлкөсүндөгү агрардык тармакты өнүктүрүүнү колго алып, өлкө боюнча 15 МТС ачып, заманбап тракторлорду сатып алуу боюнча биринчи орунда турган Жогорку Кеңештин депутаты, “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын төрагасы Бакыт Төрөбаев “Росагромаш” ассоциациясынын директору Евгений Корчевой менен болгон жолугушууда айтты.
Эске салсак, жолугушуу Бишкек шаарында орусиялык ишкердин суранычы менен болду.