Абдырахман Маматалиев: "Жер көчкүдөн жапа чеккендерге бардык керектүү жардамдар берилет"

"Жер көчкүдөн жапа чеккендерге бардык керектүү жардамдар берилет",- деп билдирди вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев 24-майда Сузак районунда жер көчкүдө жапа чеккендердин абалы менен таанышып жатып. Маматалиев ооруканада жаткандардын абалы менен таанышып, кырсыкка кабылгандардын үй-бүлөлөрүнө өкмөт фондунан акчалай жардам көрсөтүлөрүн билдиргенин өкмөттүк аппараттан кабарлады.
"Өзүмдүн жана өкмөттүн атынан кырсыктан жаракат алгандардын тез арада айыгып кетишин каалайм, жана курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтам. Өкмөт керектүү болгон бардык жардамдарды көрсөтөт. Учурда оперативдүү штаб түзүлдү. Эми жакынкы убакыттын ичинде гуманитардык жардамдар алынып келинет. Ошондой эле өкмөттүн фондунан акчалай жардамдар берилет",- деди Маматалиев. 
Айта кетсек, 24-майга караган түнү Сузак районундагы Кыр-Жол айылында жер көчкү жүрүп, көчкү 5 үйдү жана эмкананы басып калган. Анын кесепетинен 6 каза болуп, 5 адам ооруканага жаткырылды.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан