Бүгүн, 27-майда президент Алмазбек Атамбаев Ош облусунун Араван районундагы Тепе-Коргон айыл аймагынын Жаңы-Абад айылында жайгашкан Мадамин Назаров атындагы №8-орто мектебинин спорттук залынын ачылыш аземине катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө жергиликтүү тургундар өлкө башчыдан жаңы мектеп, канал салып берүүнү, ошондой эле Араван районундагы айылдарга "чек ара аймагы" деген статус берүүнү өтүнүштү. Тургундардын айтымында, жаңы спорттук залдын жанында эски мектептин турушу ыңгайсыз. Ал эми СССР доорунда курулган канал иштен чыгып, миңдеген куб сугат суу коңшу Өзбекстанга агып кетүүдө. Өз учурунда мамлекет башчы канал жана чек ара боюнча маселелер караларын айтып, бирок жаңы мектепти куруу пландары быйыл ишке ашпай турганын билдирди.
Айта кетсек, Жаңы-Абад айылындагы спортзал 14 миллион сомго курулган.