
Бүгүн, 7-июлда Бишкектеги 13-каттамдын айдоочусу жол эрежесин бузуп, автобусту карма-каршы тилкеде катуу айдады. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, автобустун айдоочусу Т.Э. Алма-Ата көчөсү менен түштүк багытка бара жатып, айланма ЭМ-07 трассасына жетпей жол эрежелерин бузуп, автобусту каршы тилке менен башкарган. Ага карата чара корулду жана нускамасын бузган фактысы боюнча атайын түзүлгөн тартип комиссиясына кароого жөнөтүлдү.