Ирандын президенти Масуд Пезешкиан Израил бийлиги аны өлтүрүүгө аракет кылганын америкалык журналист Такер Карлсондун YouTube каналына 7-июлда жарыяланган маегинде билдирди.
"Мен жолугушууда болчумун, биз алдыга кандай кадам ташташыбыз керектигин талкуулап жатканбыз. Израилдин күчтөрү биз маанилүү жыйын өткөрүп жаткан жерди бомбалоого аракет кылышкан", - деди Пезешкиан.
Ал өз өлкөсүн, анын эгемендүүлүгүн, эркиндигин жана көз карандысыздыгын коргоо үчүн жанын курман кылуудан коркпой турганын баса белгиледи. Ошондой эле Иранда бир дагы мамлекеттик кызматкер мекенин коргоп жатып өлүүдөн коркпойт деп кошумчалады.