Президент Кара-Суу районундагы мектеп-интернатына 2 миллион сом бөлүп берди

Бүгүн, 27-майда өлкө башчы Алмазбек Атамбаев Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Суу районунун Жар-Ооз айылында жайгашкан Д.Султанов атындагы мектеп-интернаттын абалын көрүп чыкты. Атамбаев мектептин тарбиялануучулары менен алардын билимге болгон кызыгуусу жана жашоо шарттары туурасында баарлашты. Интернат менен болгон таанышуунун жыйынтыгында мамлекет башчы окуу жайдын оңдоо иштерине 2 миллион сомго сертификат тапшырды.

Эскерте кетсек, президент Алмазбек Атамбаевдин Жалал-Абад жана Ош облустарына болгон иш сапары 25-майдан 27-майга чейин созулду. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан