Жогорку Кеңештин 28-майдагы жыйынында депутат Улукбек Кочкоров Баткен облусундагы Айдаркен шаарчасында түзүлгөн жагдай боюнча маалымат берди.
Анын айтымында, тургундар "Айдаркен коммунальщик" ишканасы өз милдеттеринен баш тартканын билдиришкен. "Таштандылар чыгарылбайт экен. Канализациялык калдыктардын баары арыктарда агып жатат. Бул арыктын суусу менен эгиндер сугарылат. Балдар арыктагы сууга түшүшөт. Аталган ишкана жергиликтүү бийликтин, мэрдин, шаарык кеңештин, эч кимдин сунушун кабыл албай жатат. Ошондуктан өкмөт мекемелер аралык комиссия түзүп, бул маселени чечүү керек. Эл нааразы болууда. Тургундар Бишкекке келип митингге чыкканы жатышат",- деди депутат.