Парламенттик шайлоодо босоголук чекти жогорулатуу демилгесине добуш берүүнүн кийинки жумага жылдырылганы депутаттарда суроо жаратты

Бүгүн, 28-майда Жогорку Кеңеште "КРнын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү демилгесине добуш берилген жок. Буга байланыштуу депутаттар "Мыйзам долбоорунун автору кайра алып салдыбы?" деп сурашты. Депутат Улукбек Кочкоровдун айтымында, мыйзам долбоорлору талкуудан өткөн соң аларга добуш берүү керек. 
ЖКнын төрагасынын орун басары Төрөбай Зулпукаров аталган демилгеге добуш берүү кийинки жумага жылдырылганын билдирди. "Буга редакциялык жана техникалык себептер негиз болууда. Мында эч кандай мыйзам бузуу жок. Демилгечи конституциялык мыйзам долбоорун өзгөртүү үчүн добуш берүүдөн алып турууга укуктуу",- деп түшүндүрдү Зулпукаров.
Айта кетсек, босоголук чекти көтөрүү демилгеси депутат Феликс Куловго таандык. Ал сунуштагандай, 7 пайыздык босоголук чекти 9 пайызга чейин көтөрүү, ал эми регионалдык босогону 0,7 пайыздан 0,5 пайызга чейин төмөндөтүү керек. Бирок депутаттар бул демилгени сынга алышкан.
Буга чейин Феликс Кулов парламенттик шайлоодо босоголук чекти 7 пайыздан 10 пайызга көтөрүүнү демилгелеп, парламент колдогон эмес эле. Кийин Кулов босоголук чекти 9 пайызга чейин көтөрүүнү сунуштап чыккан. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан