Ош шаарындагы мектептерде Акыркы коңгуроо майрамы белгиленип жатат

29-май күнү Ош шаарындагы бардык мектептерде окуу жылынын аякташына арналган Акыркы коңгуроо аземи өткөрүлдү. Бул күнкү салтанаттын алкагында шаар мэри Айтмамат Кадырбаев Ош шаарынын Курманжан датка орто мектебинин бүтүрүүчүлөрүн Акыркы коңгуроо майрамы менен куттуктады.

Мэриядан кабарлашкандай, ага Билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү, жалпы мектеп окуучулары, мугалимдер жана ата-энелер катышты. 

“Бул күн баарыбыз үчүн маанилүү, улуу күндөрдүн бири. Мектептеги окуучулук күндөр көз ирмемдей бат эле өтүп кетет. Бактылуу балалыктын кучагында мектеп партасынан билим алган күндөрүбүз дал бүгүнкүдөй эсибизде. Билим уясынан учуп жаткан бүгүнкү бүтүрүүчүлөргө ак жол, кең келечек каалайм. Келечекте билим алууңарды улантып, Ата Мекендин жүгүн көтөрүшкөн, патриот, мыкты инсандардан болушуңарга тилектешмин”,- деди А.Кадырбаев куттуктоо сөзүндө.

Салтанаттуу иш-чарада окуучулар тарабынан концерттик программа тартууланып, акыркы коңгуроо кагылды. Ошондой эле калаа башчысы А.Кадырбаев мектептин алдынкы окуучуларына жана мугалимдерине грамота, ыраазычылык кат тапшырды.

Кошумчалай кетсек, быйыл Ош шаары боюнча 11-классты 2661, 9-классты 4559 окуучу бүтүрүп жатат.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Ayka1994
2015-05-29 12:56:57
Ак жол сага бутуруучу! Турмуш жолун байсалдуу болсун!Бугунку майрамынар менен бутуруучулор. 10жылдык 20жылдык маареке ээлерин да куттуктайм
0
nurik-jami
2015-05-29 14:04:24
Мен окуган мектепко. Бутуруучулорго ак жол!
0
azat_sokrat
2015-05-29 18:00:14
Менин билим алган мектебим ,ак жок бутуруучулор
0
Barika
2015-05-30 03:02:14
Вау менин эжекелеримго, менин мектебим! Эххх...окуучулук күндөр арта калды...(((
0
Barika
2015-05-30 03:07:05
Биздин убакта сонун экен эле башкалардан айырмаланып форма фартук кийип, чачты эки жакга бууп аппакай болгон бантиктерди тагып чыкчуубуз!
0
Positive
2015-06-01 21:46:16
о ар бир класстн кыздары оздорунчо окшош кийингенби а шапай турушсалар эртен эле студент болот мындайлардын далайларын кийет и таппай да калат кийейин десе мектеп формасын кийгенге не жетсин
0
Positive
2015-06-01 21:48:19
же онугуп кеткенби, башка билим тарбия жагынан онугушсундорчу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан