Ош. Шаар башчылары бүтүрүүчүлөргө 11 жыл бою алган билимди турмушта пайдаланчу мезгил келгенин айтышты

Ош шаарындагы мектептерде Акыркы коңгуроо кечеси жогорку деңгээлде өтүүдө. Мэриядан кабарлашкандай, бүгүн, 29-май күнү калаадагы бардык мектеп бүтүрүүчүлөрүн шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери барып куттукташты. Чыңгыз Айтматов атындагы орто мектебинде болуп жаткан бүтүрүү кечесине Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замир Аскаров, Ош шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Арфидин Аланов катышты.

Биринчи вице-мэр бүгүнкү бүтүрүүчүлөрдүн мектептен алган билимин турмушка пайдалануучу кез келгендигин айтты. “Жалпы мектеп жамааты, 11 жыл бою кылган эмгегиңиздердин жыйынтыгында кечээ эле 1-класска кадам шилтеген окуучуларды эми минтип турмуш сапарына узатып жатасыздар. Ушул бүтүрүүчүлөргө өзүнүн өмүрүн, убактысын бөлгөн агай-эжейлер отурат. Сиздердин берген тарбияңыздар эч нерсеге теңегис. Ошондуктан, урматтуу бүтүрүүчүлөр, мугалимдерди, ата-энеңерди эч качан уят кылбай, кыргыз мамлекетине, кыргыз элине кызмат кылган инсан болосуңар деген үмүттөмүн",- деди З.Аскаров.

Быйыл Ч.Айтматов атындагы орто мектебинен 16 бүтүрүүчү бар. Ал эми Ош шаары боюнча жалпысынан 2661 окуучу 11-классты, 4559 окуучу 9-классты аяктоодо.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bishkek.kg
2015-05-29 16:20:58
ээ кандай жакшы окуучулук кундор!!
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан