Ош. Академиктер Борбор Азиядагы суу маселесин талкуулашууда

Ош шаарында “Борбор Азиядагы суу ресурстарын пайдалануудагы маселелер” аттуу эл аралык конференция болууда. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, иш-чарага Польшанын, Франциянын, Европанын ар башка өлкөлөрүнөн жана Орто Азиядагы коңшулаш мамлекеттердин окумуштуу-академиктери, Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замир Аскаров катышты.

“Дүйнө жүзүндөгү суулардын 98 пайызын пайдаланууга болбойт, калган 2 пайызы гана ичүүгө жарактуу. Бирок техниканын өнүгүүсү менен таза суулар, мөңгүлөр булганып, ичүүгө ылайыктуу суу маселеси көбөйө баштады.Ошондуктан конференцияда академик-окумуштуулар теориялык жактан изилдеп чыккан илимий докладдарын биз иш жүзүнө ашыруунун жолдорун карап жатабыз”,- деди Аскаров.

Конференция андан ары секторлордогу талкуулар менен уланып, эки күнгө созулмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан