Бүгүн, 29-майда Жогорку Кеңеште депутат Чыныбай Турсунбековдун жетекчилиги астында Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасын ишке ашырууну көзөмөлдөө боюнча жумушчу топтун кезектеги жыйыны болду. Иш-чарага жумушчу топтун мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышып, өз тармактары боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат беришти.
Турсунбеков программаны ишке ашырууда айрым жетекчилер чабалдык кылып жатышканын айтты. "Айрым мекеме жетекчилери өздөрүнүн чабалдыгын каражаттын жоктугуна шылтоо аракетин кылышууда. Быйылкы бюджетте мамлекеттик тилди өнүктүрүү багытында 243 миллион сом каралган. Жакында алардын шылтоосу түгөнөт деген ойдомун. Акча бар, сурагыла, алгыла, иштегиле, бирок жыйынтык болсун. Биз тараптан да катуу көзөмөл болот",- деди ал.
Жыйын жүрүшүндө 2015-жылдын бюджетинде каралган каражаттар Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия аркылуу эмес, мамлекеттик мекемелердин өзүнө жөнөтүлө турганы белгилүү болду. "Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын бюджеттик каражатты бөлүштүрүү түзүмү жок болгондуктан, айрым кыйынчылыктар жаралып, убакыт созулуп кетиши мүмкүн. Алардын өтүнүчү менен каражатты мекемелерге түз берүү чечимине келдик",- дейт каржы министринин орун басары Арзыбек Кожошев.
Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева билим берүү мекемелеринде кыргыз тилин окутуунун жаңы стандарты иштелип чыгып, окуу китептери ага ылайык келтирилип жатканын айтты. Ал мамлекеттик кызматкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктай турган 5 баскычтуу тест иштелип чыгып, ал азыр сынактан өткөрүлүп жатканын, каражат келип түшөрү менен бардык мамлекеттик органдар менен мекемелерге таркатыла турганын кошумчалады.
Ал эми Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Эгемберди Эрматов президент Маданият, маалымат жана туризм министрлигине өлкө аймагында "Кыргыз китеп" тутумун түзүү тапшырмасын бергенин эске салып, министрлик бул багытта иш жүргүзбөй жатканын белгиледи. Аны колдогон Чыныбай Турсунбеков маданият министринин "Кыргыз китеп" тутуму боюнча эле эмес, жалпы эле улуттук программаны ишке ашыруу жаатында таптакыр иш алып барбай, жыйынга да ошондон улам келбей жатканын айтып, анын жоопкерчилиги карала турганын билдирди.
Жыйынтыгында жумушчу топтун мүчөлөрү мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу жаатындагы аракеттерди ыкчамдатуу зарыл деген чечимге келишти.