Жогорку Кеңештин 3-4-июндагы жыйындарында мыйзамсыз берилген паспорттор боюнча маселе каралат

Төрага Асылбек Жээнбековдун жетекчилиги менен өткөн Координациялык кеңештин кезектеги жыйынында июнь айынын календардык планы жана парламенттин 3-4-июндагы жыйындарынын күн тартиби бекитилди.

Ага ылайык, 3-июнда Жогорку Кеңеш 2014-жылы жана 2015-жылдын үч айында мыйзамсыз берилген паспорттор менен айдоочулук күбөлүктөр тууралуу маалымат угууну пландаштырууда. Ошол эле күнү "КРнын Балдар жөнүндө кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" мыйзамдын долбоору каралат.

Ал эми 4-июнда акыйкатчынын "2014-жылы Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышы жөнүндө" ар жылдык баяндамасы угулат. Ошондой эле кыйноонун жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча улуттук борбордун директорунун 2014-жыл үчүн жылдык баяндамасы угулмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан