Депутат Феликс Кулов бүгүн, 29-майда Жогорку Кеңештеги "Ар-намыс" фракциясынын жыйынында балдарга зомбулук кылгандарды жашыргандар кошо жоопкерчиликке тартылышы керек экенин айтып, Кылмыш кодексине бул боюнча түзөтүү киргизүүнү сунуш кылды.
Фракция жыйынында 2014-2015-жылдар аралыгындагы балдарга каршы жасалган кылмыштар жана балдарга көрсөтүлгөн зомбулук фактыларын токтотуу боюнча иш-чаралар жөнүндө Ички иштер министрлигинин маалыматы каралды. Ага ИИМдин, Билим берүү, илим жана Социалдык өнүгүү министрликтеринин, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышып, балдарга болгон зордук-зомбулук фактылары жана ага каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу баяндама жасашты.
“Балдарды коргоочулар лигасы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Назгүл Турдубекова балдарга каршы зордук-зомбулук кандай жерлерде болуп жатканына жана алардын себептерине кенен токтолду. Ал “Кароосуз калган балдарды балдар үйлөрүнө өткөрүүгө мүмкүнчүлүктөр табылып жатат, бирок аз камсыз болгон үй-бүлөдөгү балдарга чегерилген жөлөк пулдардын көлөмүн көтөрүүгө эмне үчүн каражат табылбайт?” деген маселени койду. Ал балдарга көңүл бурулбай жатышы алардын зордук-зомбулукка кабылышына себептердин бири болуп жатканын айтты. Зордук-зомбулуктун алдын алуу системи жок экенин сынга алган Н.Турдубекова министрликтер менен мекемелердин ортосунда зомбулукка каршы күрөш боюнча координациянын жетишсиздигин баса белгиледи.
Талкууда фракция депутаттары балдардын укугу башкы планга коюлуп, зордук-зомбулукка каршы күрөшүүдө комплекстүү иш-аракеттер жүргүзүлүшү керек экендигин, бул багытта мамлекетте атайын бир стратегия иштелип чыгышы зарыл экенин айтышты.
Феликс Кулов азыркы мыйзамдарда кылмыш иштерин жаап-жашыргандыгы үчүн туугандары жоопкерчиликке тартылбастыгы белгиленгенине токтолуп, балдарга болгон зордук-зомбулукту жаап-жашырууда бардык туугандарын жоопкерчиликке тартуу боюнча түзөтүү киргизүүнү сунуш кылды.
Жыйынтыгында фракция мүчөлөрү тарабынан айтылган сунуш-пикирлерди эске алуу балдарга зордук-зомбулукту болтурбоо максатында улуттук стратегия иштеп чыгыш үчүн тиешелүү органга берүү боюнча чечим кабыл алынды.