29-майда премьер-министр Темир Сариев Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин өкмөт башчылар кеңешинин жана Евразия өкмөт аралык кеңешинин жыйынына катышуу алкагында Армения Республикасынын Премьер-министри Овик Абраамян менен жолугушту.
Өкмөттүн маалымат кызматы жолугушууда Сариев Кыргыз Республикасы Армения Республикасы менен достук мамилелерди өнүктүрүүгө маани бере турганын айтканын билдирди. Сариев ошондой эле эки мамлекет ортосундагы товар жүгүртүүнүн төмөнкү деңгээлин эске алуу менен соода-экономикалык мамилелерди активдештирүү максатында эки тараптуу баарлашууну улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Сариев Овик Абраамянга кыргыз мамлекетинин ЕАЭБге кошулуусу жөнүндө келишимди ратификациялоо процессин Армения тараптын тездетүүсүн өтүнүп кайрылды.