Кыргыз мамлекети менен Түркмөнстандын ортосундагы кызматташуу жөнүндө келишим ратификацияланды

“2014-жылдын 11-ноябрында Ашхабад шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы жана Түркмөнстандын ортосундагы "Достук, өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө" келишимди ратификациялоо тууралуу” мыйзамга президент Алмазбек Атамбаев кол койду. Бул тууралуу 30-майда президенттин маалымат кызматы билдирди. 

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 30-апрелинде кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине түркмөн тарапка Кыргыз Республикасы тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн келишимдин күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылганы жөнүндө кабарлоо тапшырмасы берилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан