Бишкек мэриясы дагы бир балдар китепканасын ачты

Бишкектеги Свердлов райондук №9-шаардык китепканада Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата балдар долбоорлорунун бет ачар аземи өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, жаш көрүүчүлөргө “Теремок” аттуу жомок көрсөтүлдү. Ошондой эле алар таттуу торттон ооз тийип, асфальтка сүрөт тартуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. 

Иш-чаранын негизги максаты балдарды китеп окууга үндөө, алардын чыгармачылык потенциалын өрчүтүү болуп саналат. Бет ачар аземге Свердлов райондук администрациясынын башчысы Чынара Борбашова жана Бишкек мэриясынын башкы адиси Жамила Абирова катышты.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан