30-майда Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын кызматкерлери республикалык ишембиликтин алкагында, Билим берүү жана илим министрлигинин тапшырмасына ылайык, шаардын тазалыгына салым кошуу максатында ишембиликке чыгышты.
Башкармалыктан кабарлашкандай, анда имараттын жайгашуу абалы боюнча бөлүнүп берилген аймактагы арыктар тазаланып, ашыкча чөп баскан жерлер иретке келтирилип, таштандылар чыгарылды.