Балдарга карата зомбулук менен күрөшүүдө 7 негизги тоскоолдук бар. Бул тууралуу бүгүн, 1-июнда “Кыргыз Республикасында балдарга карата зордук-зомбулук менен күрөшүү” темасына арналган тегерек столдун жүрүшүндө Акыйкатчы институтунун балдардын жана жаштардын укуктарын коргоо боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Альберт Колопов билдирди.
Анын айтымында, аталган тоскоолдуктарга төмөнкүлөр кирет:
1. Жазанын жоктугу;
2. Коопсуздукту камсыздоонун жоктугу;
3. Альтернативдик багуунун жоктугу;
4. Зомбулук фактыларын ачыкка чыгаруу маселеси;
5. Зомбулук фактысы боюнча арыздануу механизминин жетишсиздиги;
6. Укуктук нормалардын натыйжалуулугу маселеси;
7. Эл аралык нормаларды колдонуу маселеси.