Акыйкатчы институту: "Өлкөдө балдарга карата зомбулукка тыюу салган бир эле норма бар"

Өлкөдө балдарга карата зомбулукка тыюу салган бир эле норма бар. Бул тууралуу бүгүн, 1-июнда “Кыргыз Республикасында балдарга карата зордук-зомбулук менен күрөшүү” темасына арналган тегерек столдун жүрүшүндө Акыйкатчы институтунун балдардын жана жаштардын укуктарын коргоо боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Альберт Колопов билдирди.
Анын айтымында, аталган норма - Билим берүү жана илим министрлигинин 2009-жылдын 14-апрелинде кабыл алынган буйругу. "Бул буйрукка ылайык, жалпы билим берүү мекемелеринде балдарга карата зомбулук жасоо тыюу салынат. Зомбулук жасаган адам жана билим берүү мекемесинин жетекчиси жоопкерчиликке тартылат",- деди Колопов. Мындан тышкары ал учурда балдарды зомбулуктан коргоо механизмдери натыйжасыз иштеп жатканын кошумчалады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан