Республикалык бюджеттен берилүүчү каражаттар 2015-жылдын 4 айында 143,4 миллион сомду, анын ичинде 2015-жылдын апрель айында 56,0 миллион сомду түздү. Ошондой эле ушул жылдын 4 айында теңдештирүүчү гранттар иш жүзүндө 388 миллион 332,7 миң сомго каржыланды. Бул тууралуу 1-июнда Каржы министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
2015-жылга жергиликтүү бюджеттер үчүн республикалык бюджеттен теңдештирүүчү гранттардын жалпы көлөмү 1 миллиард 349 миллион 203,5 миң сом суммасында бекитилген. “Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга божомолу жөнүндө” мыйзамга ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан теңдештирүүчү гранттар биринчи кезекте корголгон беренелерди (эмгек акы, Социалдык фондго чегерүүлөр, медикаменттер, жөлөк пулдар) жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоого жумшалууга тийиш.