Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата ИИМдин Жол-кайгуул кызматы балдар үйүнө жардам көрсөттү. Бул тууралуу 1-июнда мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, инспекторлор Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Маевка айылында жайгашкан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үйүнө барышкан. Жол-кайгуул кызматкерлери майрам ээлерине белектерин жана азык-түлүк тапшырышты. Мындай кайрымдуулук акциялары аталган кызмат тарабынан бир нече жолу уюштурулган.