Өлкөдө аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдө 48 миңден ашуун бала жашайт

Өлкөдө жалпысынан 2 миллион 148 миң бойго жете элек бала бар. Бул тууралуу бүгүн, 1-июнда “Балдарга карата зордук-зомбулук менен күрөшүү” темасына арналган тегерек столдун жүрүшүндө Акыйкатчы институтунун балдардын жана жаштардын укуктарын коргоо боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Альберт Колопов билдирди.
Анын айтымында, 1 миллион 27 123 бала жалпы билим берүү мекемелеринде окуйт. "Булардын 22 672си ата-энесиз жашайт, 27 311и жарым жетим, 48 403 бала аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдө жашайт. Балдарга карата зомбулук фактыларын изилдөөнүн жыйынтыгында өлкөдө бул маселе катаал мүнөзгө өткөнү аныкталды. Жумушсуздук ата-энелерди балдарды үйдө калтырып, чет өлкөгө кетүүгө мажбур кылууда. Мындан улам балдар алыс туугандары же интернаттык мекемелерде калып, зордук-зомбулукка кабылууда",- деди Колопов.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан