Жогорку Кеңештин депутаттары Орусиянын байланыш жана жалпы коммуникация министринин орун басары менен жолугушту

Жогорку Кеңештин депутаттары Роза Акназарова жана Наталья Никитенко Орусиянын байланыш жана жалпы коммуникация министринин орун басары Алексей Волин менен жолугушту. Жолугушууга Маданият жана маалымат министринин орун басары Айнура Темирбекова жана Орусиянын кыргыз жериндеги элчиси Андрей Крутько катышты. 
Жогорку Кеңештин маалымат кызматы тараптар Кыргыз Республикасынын санариптик берүүгө өтүүдөгү айрым маселелер боюнча пикир алышканын билдирди. Айнура Темирбекова санарипке өтүү боюнча жасалып жаткан иштерден учкай маалымат берип, депутат өлкөнүн санарипке өтүүсүнө мыйзамдуулук жактан көмөктөшүп жаткандыгын белгиледи.

Волин санарипке өтүү маселесинде Орусиянын тажрыйбасы менен бөлүштү.

Тараптар бардык иш-аракеттер телекөрүүчүлөрдүн кызыкчылыгына багытталышы керек экендиги боюнча бир пикирге келип, мындан ары дагы эки тараптын кызыкчылыктарын эске алуу менен кызматташууну талкуулашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан